Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан казак-кыргыз мамлекеттик чек ара тилкесинде контрабандалык ишмердикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас облусунун аймагынан Казакстандан Кыргызстанга бодо малды алып өтүү аракети токтотулду.
«15-августта Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги Ак-Таш тоолуу аймагынан УКМК жана Чек ара кызматынын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда КР жарандары, Талас районунун Сары-Булак айылынын жашоочулары Ш.К.Д. жана С.у.Бны кармады», — деп жазылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.