• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандык активист Ермек Нарымбаев түрмөдө калды

9 Бирдин айы 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Алматы облустук соту камактагы активист Ермек Нарымбаевдин апелляциялык арызын канааттандырган жок.

Былтыр декабрда Конаев шаардык соту активист Ермек Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуудан баш тарткан.

«Эмне себептен өтүнүч орундалбай калганы азырынча түшүнүксүз бойдон калды. Прокурор сотто Ермек Нарымбаевдин аракетинде позитивдүү өзгөрүүлөр жок экенин айткан», — деди активисттин адвокаты Жанар Балгабаева.

Адвокаттын билдиришинче, Нарымбаев сотко онлайн режимде катышкан.

Нарымбаевдин жазасын жумшартуу боюнча кайрадан доо арыз менен кайрылуу мүмкүндүгү эми апрелде гана пайда болот.

Былтыр күзүндө абактагы активист президенттик шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып, дээрлик 54 күн ачкачылык кармаган. 20 килограммдан ашык салмак таштап, ден соолугу начарлагандан кийин, 20-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

52 жаштагы Нарымбаев жергиликтүү укук коргоочулар түзгөн «саясий туткундардын тизмесине» кирет. 2016-жылдын январь айында социалдык тармактардагы посту үчүн «диний, улут аралык козутууга» барган деген кине менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал үй камагына чыгарылган. Нарымбаев Казакстандан чыгып кетип, бир нече жыл Украинада жашаган. Ал былтыр февралда Алматыга кайтып келери менен кармалган.

Количество просмотров: 36