Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Казакстандагы Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында жарылууда жапа чеккендерге жергиликтүү тургундар жер-жерлерге гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктарын ачып, түн бир оокумга азык-түлүк топтоп жаткан видео фейсбук баракчасына жарыяланды.
Видеону тартып жаткан жаран кадр сыртында кыйын кырдаалда эл бири-бирине жардам көрсөтүп жатканын сыймыктануу менен айтып, ыраазы болуп жатканын угууга болот.
Эске салсак, 24-июнь күнү Арыс шаарына жакын жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампасында сакталган снаряддар жарылган.Мунун кесепетинен жергиликтүү ергиликтүү бийликтер шаардын баардык жашоочуларын коопсуз жайга алып чыгууну пландаштырылган. Арыста жашоочулардын саны 42 миңден ашык адамды түзөт.