• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстандын Кабулдагы консулдугуна ондогон кишилер чогулду

7 Аяк оона 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Кабулдагы консулдугуна барып жардам сураган, өздөрүн “ооган казактарыбыз” деп тааныштырган бир топ адам кабылдамага кире албай жүргөнүнө даттанышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Амруддин аттуу жашоочунун айтымында, алардын айрымдары консулдуктун алдында 20 суткадан бери турушат. Бул жерде 6-сентябрда чогулгандардын саны 100гө чукулдаган.

– Мазари-Шарифтен келгенибизге 20 күн болду. Эч ким кабыл алган жок. Казак документи барларды гана киргизүүдө. Кече (5-сентябрь) Казакстандан келген консулдуктун бир өкүлү: “Силер Казакстанда турган туугандарыңардын жардамы менен ошол жактагы миграция полициясы аркылуу аты-жөнүңөрдү тизмелеп, мөөр бастырып бизге жибергиле. Ошондо силдерди ылдам кабыл алабыз” деп айтты. Бирок бизде мындай мүмкүнчүлүк жок, – деди Амруддин.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров буга чейин Ооганстандагы казактарды кайтаруу боюнча иш-аракеттер башталганын, бирок ал жактагы саясий-аскердик абалдын начардыгынан улам казактарды кайтаруу мөөнөтү так белгиленбегенин билдирген.

Ооганстанда жашаган казактар алар ооган жараны болгондуктан Казакстан жардам берүүдөн баш тартып жатканын кабарлашкан.

Казакстан ТИМи Ооганстанда 200дөй этникалык казак бар экенин маалымдаган. Ооганстандагы диаспора өкүлдөрү болсо алардын саны алда канча көп экенин, басымдуу бөлүгү алыскы аймактарда жашай турганын билдиришүүдө.

Количество просмотров: 179