• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстандын Коргоо министрлиги асманда учкан белгисиз нерсе боюнча комментарий берди

6 Кулжа 202513:22 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Коргоо министрлиги кечээ түндө асманда учкан белгисиз нерсе боюнча комментрий бергенин Sputnik Казакстан жазды.

Түндө мындай көрүнүшкө Казакстан менен Кыргызстандын ар бурчунан күбө болушкан. Айрымдар муну спутниктерди орбитага жеткирип бараткан ракета десе, кээ бири орбитадан чыгып кеткен эски спутниктер деп божомолдоодо.

«Казакстандын аба мейкиндигине эч кандай коркунуч жок. Абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Калкка коркунуч туудурган эч нерсе болгон жок», — деген коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги.

Ведомство бул атмосферага кирген космостук аппараттын же метеориттик агымдын бөлүктөрү болушу мүмкүн деген божомолун кошумчалады.

«Адатта мындай нерселер атмосферанын калың катмарында эле жерге жетпей өрттөнүп жок болуп кетет», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул боюнча үн ката элек.

Количество просмотров: 521