• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Казакстандын президенти бир күндүк айлыгын Арыс шаарына которду

26 Кулжа 201914:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыр тарткандарга которду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жалпысынан 160тан ашык адам адам дарыгерлерге кайрылып, алардын 76сы ооруканага жаткырылган. Андан тышкары, жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болгон.

Ал эми Арысдагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлүп, ок-дары сакталган кампадагы жарылуунун себепби азыркыга чейин белгисиз экени айтылган.

Количество просмотров: 15