Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу KazTAG жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаев республикалык телеканалдардын бирине чыгып элине кайрылган.
«Мен, 20 — марттан баштап президенттик ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым», — деген Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кала берет.
79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан. Назарбаев беш жолу президенттик шайлоону утуп чыккан. Эмдиги президенттик шайлоо 2020-жылы өтмөк.