• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары кармалды

3 Баш оона 202010:11 Бишкек Govori.TV

Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Абишев Экономикалык иликтөөлөр кызматы тарабынан кармалып, бюджеттик каражатты уурдаган деп айыпталып жатат.

Олжас Абишев 37 жашта, 2018-жылдын июнь айынан бери саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

Количество просмотров: 134