• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды

8 Үчтүн айы 202214:47 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелүүдө.

Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.

«Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган»,- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 392