Маңгыстау облусундагы Жетибай кениндеги скважинада жарылуу болуп, бир жумушу каза болду.
«Маңгыстаумунайгаз» компаниясы билдиргендей, окуя 29-апрелде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, “Жетибаймунайгаз” өндүрүш башкармалыгында “Великая Стена” компаниясы монтаж иштерин жүргүзүп жаткан. Ошол кезде жарылуу болгон.
Алган жаракатынан электрогаз ширетүүчү, казак жараны мерт болду. Кытайлык жаран башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Компания окуяны “кокустук” деп атады.
Окуя болгон жерге Маңгыстау облусунун милиция кызматкерлери барган. Полиция кырсыктын чоо-жайын тактоо максатында тергөө башталганын жарыялады.
Мунай өндүрүүчү Маңгыстау облусунда жумушчулар эмгек шарттарын жакшыртууну жана коопсуздукту талап кылып, көп иш ташташат.