• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектелгендер кармалды

24 Бирдин айы 202317:28 Бишкек Govori.TV

​ Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрына караган түнү Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 2 тургунуна тиешелүү болгон 12 баш жылкы Ак-Жар айылынын түндүк батыш тарабындагы үлүш жерлерден уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасын бөлүп туруучу чек ара зымынын № 284 чек ара белгисинен Казакстан Республикасы тарапка өтүп кетендигин билдирген.

Аталган факты 1-январь күнү каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

«21-февраль күнү милиция аталган кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Кылмышка шектелип, Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​1976-жылы туулган тургуну жана ​Куру-Маймак​ айылынын ​1983-жылы туулган тургуну кармалган»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 211