• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Казакстанда өрттөнүп кеткен беш баланын сөөгү жерге берилди (Видео)

5 Бирдин айы 2019 13:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV

Казакстандын Астана шаарында жеке турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын кесепетинен беш бир тууган көз жумган. Бүгүн каза болгон балдардын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Азаттык радиосунун казак кызматы жарыялады.

https://www.facebook.com/azattyq/videos/2003860089921456/

Эске салсак, окуя 4-февралга караган түнү саат 02:34 чамасында катталып, өрт өчүрүү кызматына кабар келип түшкөн. Саат 03:06да тилсиз жоо чектөөгө алынып, 03:24ттө толугу менен өчүрүлгөн.

Куткаруу кызматы үйдүн ичинен 5 бир туугандын жансыз денелерин алып чыккан. Наристелердин улуусу 2006-жылкы болсо, эң кенжеси 2018-жылкы болгон. Алардын ата-энеси ал мезгилде жумушта экени айтылган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 11