• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Казактар улуттук кийимчен жылаңач кызына каршы (Видео)

6 Үчтүн айы 2019 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.01.2019. Govori.TV

Казактардын улуттук кийимин кийип, жылаңач денесин көргөзүп түшкөн сүрөттөрү менен таанымал болгон Ширин Нарчаевага каршы казак тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар социалдык тармактарга тараган видеолорду далил кылып жазып жатышат.

Нааразычылык акциясы

Учурда нааразычылык акциясы талкуу жаратуу менен ага пикир кошкондорду дагы жоон эки жээке бөлдү. Топтолгон жигиттер 18 жаштагы кыздын дарегине ар кандай терс пикирлерди айтышкан. Алар кызды уятсыз кылык-жоругу үчүн күнөөлөп, кеч болуп кала электе бул жолдон кайтуусун өтүнүшкөн.

Мындан сырткары алар аял заты дененсин бекитип жүрүүсү керек экенин эскертип келип, Ширин Нарчаеваны бир эле улуттук кийимди кордобостон бүт казак аял
затын кордогонун кошумчалап өтүшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин модель кыздын мурдун сындырып, сабап кетишкени тууралуу дагы маалымат тараган. 

Количество просмотров: 20