Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында «Audi-100» унаанын айдоочусу рулду башкара албай, сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1985-ж.т. Э.А. аттуу эркек адам каза болгон. Жерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.