• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казарманда таята-таенеси тарабынан кордолгон майып кыз экспертизадан өткөрүлөт

8 Бирдин айы 2021 16:28 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда «майыптыгы бар кыз таенеси тарабынан ур-токмокко алынып жатат» деген видео тарады. Буга байланыштуу адвокат Шердор Абдыкапаровго байланышканыбызда 3 күн мурда жабырлануучунун атынан анын 27 жаштагы агасы Алтынбек Артыкбек уулу кайрылганын Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, окуя Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында болгон.

«Алтынбек Артыкбек уулу мага 3 күн мурда мага кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берди. Видео материалдагы Артыкбек кызы Аселдин буттары баспайт. Казарманда таята-таенесинин колунда турат. Ата-энеси эрте эле каза болуп калган экен. Буга чейин кызды таятасы мас абалында зордуктап койгондугу тууралуу имиштерди уктук. Аселге байланышканыбызда ал таятасы тарабынан зордукталганын айтты. Бирок телефон менен сүйлөшүү учурунда жанында таенеси же башка бирөө сөзсүз көзөмөлдөп сүйлөштүрбөй жатат. Ал эми Артыкбек карындашы зомбулук көргөнү тууралуу видео жана аудио фактылар бар экенин айтты. Мыйзам алдында жооп беришин талап кылып жатат. Бугүн Казарманга жолго чыгып жатабыз. 9-февралда кыздын агасы менен чогуу Казарманга барып, тийиштүү укук коргоо органдары, соттук- медициналык экспертизага кайрылганы жатабыз. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү менен дагы байланыштык. Кызды Бишкекке алып келип, атайын кризистик борбор же майыптыгы бар адамдар үчүн жайга жайгаштырууга толук укугубуз бар»,-деди жактоочу.

Govori.TV мультимедиалык агенттиги экинчи тараптын дагы оюн укканга даяр.

Количество просмотров: 8571