• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кеңешбек Дүйшөбаев камакта калды

13 Бештин айы 202218:35 Бишкек Govori.TV

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

24-25-октябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги тарабынан  башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 30дай болду. Кармалгандар коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары баалап келишет.

Ички иштер министрлиги Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн, анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын маалымдашкан. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 203