Кечээ, синоптиктер билдиргендей эле 16-августта саат 21:30 чамасында Ысык-Көл облусунун ЧолпонАта шаарында катуу жаан жаады. Катуу жаан чагылган менен коштолуп, 20 мүнөттүн ичинде бардык арыктар сууга толуп калды. Сел жүрүп кетпесе экен деп, көптөр чоочулады.
Буга чейин ӨКМ өлкөнүн аймагында 17-августтан тарта 19-августка чейин аба ырайы туруксуз болорун билдирген.