• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кечирип кой! Жол эрежесин бузуп айдоочудан кечирим сураган автоинспектор иштен кетти

2 Бугу 2019 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.

Айдоочудан жол эрежесин бузган видеону элге жарыя кылбоону өтүнүп кечирим сураган автоинспектор иштен бошотулду. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин милиция кызматкери жол чырактын кызыл түсүнө токтобой өтүп жана ылдамдыкты дагы ашыра айдап бара жатканы тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланган. Милиционер видеону тартып жаткан адамдан кечирим сурап, аны таратпай эле коюшун суранган.

https://www.facebook.com/412005225808038/videos/280667896148771/

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалыктан ал кызматкерге карата чара көрүлгөндүгүн кошумчалады.

«Аталган видеоматериал боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Анда Тартип уставы, Жол кыймылынын эрежелери, милициянын кесиптик этикасы бузулгандыгы айтылды. Ысык-Көл облустук милициясынын прапорщиги, Ысык-Көл райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери болуп иштеген Ш.Н. аттуу автоинспектор кызматтан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 25