• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кечке чейин кырдаал жөнгө салынат». Ташиев тажик кесиптеши менен жолукту

30 Чын куран 2021 13:53 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов Саймумин менен жолукту.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жаткандыгын айтып, бүгүн кечке чейин кырдаалда жөнгө салынаарын айткан.

«Тажикстандын УКМК башчысы жана бир нече кызматкерлер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт (абалды тынчытуу боюнча)», — деди ал.

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатак катталган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарына «Өзгөчө абал» киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Аларга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөлгөн, ошондой эле Лейлек районунун Сада, Максат, Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куюучу бекеттер өрттөлгөн. Баткен облусунун Лейлек району боюнча Кулунду айылында 2, Максат айылында 10 үй, ошондой эле 1 мектеп өрттөлгөн. Ал эми Баткен району боюнча 9 үй, 10 май куюучу жай, 2 тойкана, 8 дүкөн, 1 казино, 1 чек ара тозоту, Ак-Сай айылында ӨКМдин Өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имараты өрттөлгөн.

Количество просмотров: 345