• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек кеңешине аттанган партиянын тургундарга азык-түлүк таратып жаткан видеосу чыкты

6 Чын куран 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерин көрсөткөн саясий партиянын үгүтчүлөрү тарабынан Көлбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн башчысына (домком) күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктөр салынган баштыктар берилип жатканы, алар андан ары үйдүн жашоочуларына таратылганы тууралуу видео тасма тараган.

Видеодон баштыктарды алып келип унаага салып жатканын көрүүгө болот. Андан соң ошол эле баштыктар үйдүн жашоочуларына таратылган.

Мындан тышкары баштыкты алган айымдын бул азык-түлүк пакетин кимден алганы тууралуу маалымат айтып жатканын угууга болот.

Жогорудагы окуя боюнча коомчулукта БШК иликтөө жүргүзүүсү керек деген кептер айтылды.

Шайлоо өнөктүгү маалында жарышка аттанган партиялар же алардын мүчөлөрү тарабынан тургундарга азык-түлүк таратуу, кайрымдуулук кылуу же акчалай каражат берүү добуш сатып алуу аракети катары бааланып калаары белгилүү.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды.

Количество просмотров: 277