• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кегети капчыгайында турист каза болду

5 Бештин айы 202110:34 Бишкек Govori.TV

Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга саат 13:22лер чамасында 70 жаштагы кореялык турист белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 643