• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Келбесеңиз, зордоп алып келебиз». Депутат Токторбаев ИИМге да суракка чакыртылганын айтты

2 Бештин айы 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын сурагынан кийин өзүн Ички иштер министрлиги да суракка чакырып жатканын кабарлады.

Ал бул маалыматты бүгүн, 2-декабрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында айтты.

«Элдин талабын ушул микрофондон айта коем деп, прокуратуранын кызматкерлери бизди куугунтукка алып жатат. Башкы прокуратурага кечээ суракка чакырылдым, бүгүн чакырышты. Азыр эми Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынан да чакырып атышат. «Келбесеңиз, зордоп алып келебиз» дешти. Башкы прокуратурага тергөөнү бергенден кийин, алар күчтүү мекеме болуп кетти. Кылмыш ишин өздөрү козгойт, өздөрү тергейт, өздөрү кааласа токтотот, кааласа кайра козгойт, анан өздөрү сотко барып, жаза мөөнөтүн сурашат. Бул жерде анык коррупциялык кызыкчылык бар. Ошондуктан, тергөө органы өзүнчө болуш керек. Орусиядагыдай тергөө башкармалыгы президенттин алдында болушу керек деп айткам», — деди Токторбаев.

Депутат бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-2025-жылдарга бюджетин карап жаткан учурда айтты.

Количество просмотров: 2180