• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Келдибеков: «Ата-Журт» «Республикасы» жок эле 2020-жылы шайлоого өз алдынча барат

9 Тогуздун айы 2019 15:37 Бишкек Govori.TV

«Ата-Журттун» эки төрагасы бар. Бул туурасында экс-спикер Ахматбек Келдибеков 24.kg агенттигине билдирген. Анын айтымында бири өзү, экинчиси- мурунку депутат Камчыбек Ташиев.

««Республика -Ата Журт» партиясы 2017-жылдан бери жок. Президенттик шайлоо алдында биз съезд өткөрүп, анда расмий түрдө саясий уюмдун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу билдирүү жасаганбыз. Ошондо эле «Ата-Журт» «Республикасы» жок эле 2020-жылы шайлоого өз алдынча бара турганын жарыялаганбыз», -деди Ахматбек Келдибеков.

Мындан тышкары Келдибеков «Республика -Ата Журт» парламенттик фракциясы 6-чакырылыштын акыркы мөөнөтүнө чейин иштерин айтты.

Количество просмотров: 469