• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Келдибеков «Kyrgyztoday» басылмасын соттон утуп алды

28 Тогуздун айы 201910:14 Бишкек Govori.TV

Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday кыргыз тилдүү басылмасын соттон утуп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, процесс Биринчи май райондук сотунда өттү. Мурунку депутатты жемкор деп атаган бир канча маалымат ызаланткан. Ал маалыматты төгүндөп жана моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом төлөп берүүнү талап кылган.

Сот арыз ээсинин талаптарынын бир бөлүгүн канааттандырды. Kyrgyztoday басылмасы Ахматбек Келдибековдун намысына шек келтирген маалыматты төгүндөп, компенсация катарында 30 миң сом акча төлөп бериши керек.

Буга чейин Ахматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинин журналистин сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп алган.

Количество просмотров: 34