Матраимов баламдын өкүл атасы экенине сыймыктанам. Бул тууралуу «Азатыктын» түз эфиринде ЖКнын мурунку спикери, экс-депутат Ахматбек Келдибеков суроолорго жооп берип жатып айтты.
Ага түз эфирде Матраимов менен туугандык катыштыгы тууралуу жана аны коррупционер деп эсептейсизби деген суроо узатылды.
«Раим Матраимовду мен тааныйм, анын коррупционер экенин сот же укук коргоо органдарынын бири да далилдей элек, күнө коюла элек. Экинчиден оа ал менин баламдын өкүл атасы, өзүм койгом жана сыймыктанам. Кыйын адамдын душманы көп болот, көрө албаганы көп болот», — деген пикирин айтты.
Мындан тышкары Келдибеков фейк маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кароого алуу керектигин кошумчалады.