Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.
Түштүктөгү эң таасирдүү адамдардын бири Райым Матраимов, байке фонду 1 млн сомду түзгөн иш чараны өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, ошондой эле Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар катышкан.
Жогорку Кеңештин экс-спикер Ахматбек Келдибеков дагы катышып, куттуктоо сөзүндө коомчулукка (Райым Миллион) аты менен таанымал Раимбек Матримовду “ Райым ата” деп атады. Бул кайрылуу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Кара-Суу районунда уюштурулган спорттук турнирге саясаттын сап башында турган аткаминерлер барып катышканы коомдо терс пикир жаратып, барган аткаминерлер жана депутаттар сынга кабылышты.