• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды

22 Чын куран 2021 18:16 Бишкек Govori.TV

Нарында Кочкор райондук соту 23 жаштагы келинди өлтүргөн эркекти өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салды. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өкүм 20-апрелде чыккан, беш күндөн соң күчүнө кирет.

Келиндин сөөгү ушул жылдын башында, 23-январда Тынай-Булак кыштоосунан табылган. Маркумдун таанышы, 25 жаштагы жигит кылмышка шек саналып кармалган эле.

Айрым маалымат булактары келин атка сүйрөтүлгөнүн жазышкан.

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Кыргызстанда жыл сайын бир канча аял зомбулуктун курмандыгы болот.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 181