27-сентябрь күнү Араван райондук ички иштер бөлүмүнө Дөбө-Коргон айыл аймагынын 32 жаштагы И.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн үйүндө балдарына тамак жасап жатканда ушул эле айылдын тургуну кирип келип, эшиктерди жаап, зордуктаганга аракет кылгандыгын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Араван районунун 28 жаштагы 1996-жылы А.О. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.