Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV
22-августка караган түнү ардегер журналист Кемел Тойбаев 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады.
Тойбаев 1928-жылы Чүй районунун Талды-Булак айылында туулган. Эмгек жолунун басымдуу бөлүгү «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде өткөн. Ал гезитте жооптуу катчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.
Маркумдун сөөгү 24-август күнү туулуп-өскөн айылы Талды-Булакта жерге берилет