Кеминде 29 жаштагы кыз өз үйүндө зордукталды. Бул туралуу Govori.TV сайтына Чүй ОИИБнын басма сөз катчысы Нусупова Нургүл билдирди.
28 июлга караган түнү саат 2:30да белгисиз адам С.Б аттуу кызды үйүнөн зордуктап кеткен.
«Чүй ОИИБна 29 жаштагы 1989-жылы туулган С.Б 28-июль күнү арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 27 июлдан, 28 июлга караган түнү саат 2:30да аны белгисиз адам өзүйүнөң зордуктап кеткенин айткан»,-дейт Нусупова.
Бул боюнча КРнын 129 (зордуктоо) -беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Д.А камалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.