• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кеминде токойдон өрт чыкты (видео)

8 Аяк оона 202110:15 Бишкек Govori.TV

Кеминде токойдон өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларындагы карагай, арчалардан өрт чыккан.

Болжол менен 40 гектар куураган чөп жана бадалдар күйүп жатат. Кеч киргендигине байланыштуу 23:30 өрт өчүрүү иштери убактылуу токтотулган.Бүгүн, 8-сентябрь күнү жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 87 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 144