• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кеминде жаран мурунку аялын мыкаачылык менен сабап, зордуктаган (сүрөт)

9 Тогуздун айы 201914:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда Тимур аттуу жаран мурдагы аялын мыкаачылык менен сабап, зордуктаган. Бул тууралуу маалымат интернет тармагына жарыяланды.

https://www.facebook.com/bespredelKG/photos/pcb.2415344758703731/2415344705370403/?type=3&theater

“Менин сиңдим Токмок шаарында жашайт. Ал 4 жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ал сиңдимди алдап көчөгө чакырып, күчкө салып унаасына отургузуп, Кеминге алып барып сабап, зордуктаган. Ал мыкаачы уктап калгандан кийин сиңдим качып кеткен. Азиз Кеминдин милиция бөлүмүнүн жетекчиси менен тааныш болгондуктан, аны камакка албай жатышат”,- деп билдирген автор.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган маалыматты текшерүүгө алды.

Количество просмотров: 1001