• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сузакта мал уурулук фактысынын бети ачылды

12 Бирдин айы 2024 15:18 Бишкек Govori.TV

Сузак милициясы мал уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак РИИБге 50 жаштагы Атабеков айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 4-февралына караган түнү өзү жашаган үйүнүн мал сарайынан 1 баш бодо малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул окуя Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облусунун аймагында өтүп жаткан «Мал уурулук» жана «Чөнтөк уурулукка жол жок» операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган.

Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ала-Бука районунун тургуну 1983-ж.т. А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 86