• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта мал уурулукка шектелген эки жаран кармалды

13 Бештин айы 202414:57 Бишкек Govori.TV

Таластын Айтматов районунда мал уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү эки тургун кайрылып, короосунан мал уурдалганын билдиришкен. Биринчи арыздануучунун сарайынан 3-ноябрь күнү 4 кою уурдалганын, экинчи арыз ээси андан да 4 кою уурдалганын, бирок 1-декабрда болгондугун айткан. Бул фактылардын негизинде укук коргоо органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мал уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмыштарга шектелип 2 адам кармалып, 54 жаштагы О.К. жана 26 жаштагы М.Б., алар тергөө абагына киргизилген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктап жатышат. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 220