Чүй облусунун Кемин районунда менчикке мыйзамсыз чыгарылып, кайра мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Тийиштүү чечимди Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.
Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет», — деген ал.
Анын айтымында, турак үйлөр 9 кабаттан болот жана ал жер Кемин шаары деп аталат. Мында болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет.
Мунун алдында УКМК Чүй облусунунун Кемин районунда жеке колго өтүп кеткен 353,3 гектар өндүрүштүк жер мамлекеттин балансына алынганын билдирген. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай жерлерин мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө байланышкан компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган. Баалоо учурунда жер тилкенин базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн.