• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кеминдеги жол кырсыгына 4 айлык наристе каза болду

22 Тогуздун айы 2018 11:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Чүй облусунун Кемин аймагында Мерседес-Бенц менен Тойота Харриер үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшуп, айдоочу менен 4 айлык ымыркай каза болду. Эки адамдын өмүрүн алган кырсык 21-октябрь күнү таңкы саат 8:00 чамасында Кызыл-Октябрь айылынын тушунда болгон. бул тууралуу Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.
Айтылган маалыматка караганда,  кырсыктан дагы беш адам ар кандай жаракат алышкан.
«Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Мерседес-Бенц менен Тойота Харриер үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшө кеткен. Кырсыктан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу менен Тойота Харриер унаасындагы 4 айлык ымыркай каза болуп калды. Дагы 5 адам ооруканага жаткырылды»-деп жазылган. 
Количество просмотров: 27