• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кеминдеги жол кырсык: 20 жаштагы жигит каза болду

1 Баш оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда автоунаа оодарылып, анын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматкаылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Каза болгон баланын сөөгүавтоунаадан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 1042