• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кемпир-Абад боюнча кылмыш ишке Мадумаров менен Масалиев кайрадан кошулду

15 Бирдин айы 202317:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштуруу аракети боюнча кылмыш ишине кайрадан кошулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаровдун адвокаты Эркин Бөлөкбаев билдирди.

Адвокат бул ишке депутаттар Мадумаров менен Масалиев дагы катышып жатканын айтып, «өткөн жолу Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев иштен четтетилип, эми алар дагы айыпталуучулардын катарына кошулду», — деди.

Количество просмотров: 1166