Мындай маалыматты социалдык тармактардагы баракчасына Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Жеңиш Молдакматов жазып, жолугушуудагы сүрөттөрдү жүктөгөн. Сүрөттө Равшан Жээнбеков дагы бул жолугушууга катышканы көрүнүп турат. Бирок ал азырынча маалымат бере элек.
«Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Саясий маданияттын жанданышы бүгүнкү күндүн жолугушуусу болду. Ачуу да, жактуу да сөздөр айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы, саясий маданияттын көрсөткүчү.
Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, ыраазычылык билдирем!» — деп жазган Молдакматов.