• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кемпир-Абад: Депутат Жапаров жана Ташиевдин активисттер менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди

21 Тогуздун айы 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жарандык активисттер менен жолугушуусуна катышкан депутат Дастан Бекешев өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу комментарий берди.

Анын айтымында, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев модераторлук кылып, негизги баяндамачылар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев болду. Чек ара делимитацияланган жерлерде жашаган жарандардан тышкары активисттер да болду.

«Өлкө башчысы түшүндүрүп жатты, Камчыбек Кыдыршаевич делимитацияны кантип жүргүзүү сунушталып жатканын, Кемпир-Абад суу сактагычын кантип биргелешип башкарабыз деп карталар аркылуу көрсөтүп берди. Ташиев маал-маалы менен саясий жана жарандык активисттердин билдирүүлөрүн эмоционалдуу кабыл алып жатты, өзгөчө Бекназаровдун сүйлөгөн видеосуна болду. Активисттер жыйын кандай өткөнүн жарым-жартылай айтып беришти.

Депутаттык ишмердүүлүгүмдө мындай жолугушуулар болгон эмес. Президенттер жарандар менен чек ара маселесин талкуулаган жок. Жабык режимде да. Мамлекет башчылары эл менен жолугушту, бирок бул чек ара маселесине тиешелүү эмес», — деди депутат.

Ал жыйынга 2,5 саат катышканын кошумчалады. «Алгач жарандардан конкреттүү суроолор келип, кээде эмоционалдык тон менен суроолор берилип жатты. Анан кеттти, бирөө мактады, бирөө такыр башка маселе боюнча келген… Мен дагы бир жолугушууга барышым керек болчу, эмоционалдык маанайда өткөн диалог аянтчасынан акырын чыгып кеттим», — деп жыйынтыктады депутат.

Количество просмотров: 352