• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кемпир -Абад иши: Айтбаев 20-февралга чейин камакта калды

26 Бештин айы 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун тургуну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевди эки айга камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Мындай чечимди 26-декабрда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Количество просмотров: 74