• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кемпир-Абад иши: Отурум баштала электе сот кызматкерлери журналистти сүйрөп чыгарып салышты (видео)

2 Бугу 2023 11:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо пландалууда.

Соттук жараян баштала электе сот кызматкерлери Govori .TV агенттигинин журналисттин күчтөп сот имаратынан чыгарып салышты.

Журналисттин айтымында, сот отуруму баштала электе эле кызматкерлер келип, сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салышкан.

«Видео же сүрөткө тартып баштаган эмесмин. Себеби отурум али баштала элек болчу. Сот кызматкерлери келип, сот имаратынын ичинен тартууга болбойт деп, эч себепсиз эле эшикке сүйрөп, күч менен чыгарып салышты», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Эрлан Бекчоро уулунун соту саат 11:00гө белгиленген болчу.

Количество просмотров: 338