• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кемпир-Абад иши: Прокурор 20 жыл сурады

10 Кулжа 2024 12:34 Бишкек Govori.TV

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады. Маалыматты жактоочу Жаныш Бараков тастыктады.

«Бугүн прокуратура жарыш сөзүн аяктады, ар бир айыпталуучуга бирдей жаза сурады. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү канаттандырылса, үй камагында жүргөндөрдү сот залынан камакка алууну суранды»,-деп билдирди Бараков.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. 

Количество просмотров: 165