Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы, активисттердин «сыз жерде кармап жатышат» деген билдирүүсү боюнча Govori.TVга комментарий берди.
Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева билдиргендей, абактарда кыйноого жол берилбейт.
«Абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармалат. Эч кандай кыйноолорго жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент контролдоп турат»,-деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, бүгүн, 5-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму өткөн. Анда абактагы саясатчы, активисттер басым, кыйноо болуп жатканын айтышкан.