• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Кемпир-Абад»: Үйү тинтүүгө алынган айрым активисттер милицияга алынып келинди

23 Тогуздун айы 2022 11:01 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Анын айтымында, үйү тинтүүгө алынгандан кийин милицияга алып келишкен.

Маалыматтарга ылайык, Али Шабдан атуу активисти дагы милицияга алып кетишкен.

Активист Гульнара Джурабаева экс-депутат Асия Сасыкбаева Аламүдүн РИИБге жеткирилгени тууралуу маалымат бар экенинин билдирген.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Рита Карасартова бар.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, «Массалык башаламандык даярдап жатышат» деп кылмыш иши козголгон.

Азырынча ИИМ тинтүүлөр тууралуу расмий маалымат азырынча бере элек.

Количество просмотров: 232