• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыгышты

22 Бештин айы 2022 12:46 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын жакындары, апалары бүгүн 22-декабрда Бишкекте акцияга чыгып, аларды коё берүүнү талап кылышты.

Курманжан датканын эстелигинин алдына Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты.

Алардын айтымында, жапырт камоо мыйзам бузуу менен коштолгон. Алардын үйүндө тинтүү соттун чечими жок туруп жүргүзүлгөн, камоонун мөөнөтү да мыйзамсыз узартылууда.

Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова сиңдиси бир аптадан ашык убакыттан бери ачкачылык кармап, ден соолугу начарлап кеткенин айтты.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров болсо Кемпир-Абад маселеси боюнча абакка алынган активисттердин абалы начарлап жатса дагы көңүл бурулбай жаткандыгын катуу сындады.

Анын айтымында, абактагы ачкачылык жарыялаган активисттердин ден соолугу начарлап жаткандыгын адистер айтып жатса да жетиштүү көңүл бурулбай жатат.

Количество просмотров: 133