Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карады.
Чечим кабыл алууда кворум болбош үчүн депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова жана Чыңгыз Айдарбеков жыйындан чыгып кетишти.
«Тартип боюнча калган депутаттар чечим кабыл ала албайт»,-деди Мадумаров.