• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абадда кабыл алынган резолюцияга депутаттар эмне дейт?

19 Тогуздун айы 202213:57 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимин жыйынга катышкан 10 депутаттын алтоо колдоп төртөө каршы добуш берген. Ал эми аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кол коюудан аш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү ийне-жибине чейин билбей туруп же документтерди көрбөй, чечимге кол коюу туура эмес экенин айткан.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн.

Кемпир-Абадда кабыл алынган резолюцияга депутаттар эмне дейт?

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан.

Количество просмотров: 634