• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Кемпир-Абадда» кыргыз-өзбек чек арасы кандай бөлүнгөн?

17 Тогуздун айы 2022 12:22 Бишкек Govori.TV

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында болгон Курултайда жергиликтүү тургун Акыл Айтбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен эч кандай талаштуу маселелер болгон эмес деген пикирин айтты.

Акыл Айтбаев Өзгөн районунун тургуну, анын айтымында ал 1990-жылдардын башынан бери бул жаатта жер маселеси боюнча ар кайсы мамлекеттик органдарда иштеген. Жыйын учурунда сөз алган Айтбаев Кемпир-Абад суу сактагычынын картасын көрсөттү. Карта 1959-1963, 1983-1984-жылдардагы материалдардын, 1986-1987-жылдардагы топографиялык карта боюнча жаңыланган материалдардын негизинде түзүлгөн.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышты.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Количество просмотров: 142