• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөсү Абылов камакта калды

17 Жетинин айы 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен 20-декабрга чейин камалган «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасы каралып, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак,Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык  саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 89